Бишкек шаарында жайгашкан соода жана тейлөө ишканаларында мониторинг жүргүзүлүүдө
11.09.2024Көмүргө максималдуу баа коюлду
14.09.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары-Кызмат) Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, 2024-жылдын 12-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы эт сатуучу жайларга, нан бышыруучу жайларга жана нан (бөлкө нан), нан азыктарын (тандыр нан) сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен уй эти 580-650 сомдон (көпчүлүк соода түйүндөрүндө 600 сомдон), кой эти 600-650 сомдон, нандын (бөлкө нан) 1 килограммынын минималдык баасы 58,14 сом, же 430 граммдык бөлкө наны 25 сомдон, максималдуу баасы 69,76 сом, же 430 граммы 30 сомдон сатылып жаткандыгы, ал эми нан азыктарынын (тандыр нан) 1 килограммынын минималдуу баасы 78,43 сом, же 255 граммдык нан 20 сом, максималдуу баасы 96,15 сом, же 260 граммдык нан 25 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда, облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан уй, кой эттерин, нан жана нан азыктарын сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.