2022-жылдын 6-декабрында, көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында, төраганын орун басары А.Ш. Тукунов, Кызматтын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн жана Чүй облустук бөлүмүнүн жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери жана КРнын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары С.Ж. Исманов менен биргеликте көмүрдү сатууда чекене баанын чектүү деңгээлинин сакталышы жана белгиленбеген жерлерде көмүр сатууну аныктоо жана жоюу маселеси боюнча көмүр сатуу пункттарына жөнөп кетишти.
Мониторинг айланма жолдо жана Аламүдүн районунун аймагында жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө КРнын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мындан тышкары, Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 290-беренесине ылайык, көмүрдүн белгиленген чектик деңгээлин жогорулаткандыгы үчүн бир сатуучу үчүн айып пул салуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Ошондой эле, автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 179-беренесине ылайык айып пул салуу жөнүндө ЖКККББ тарабынан чечим кабыл алынган.
Азыркы учурда рынокто көмүрдүн тартыштыгы байкалган жок, бардык көмүр базаларында көмүр жетиштүү санда бар.