Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги «Кыргыз почтасы» МИсы тарабынан көрсөтүлүүчү “Мамлекеттик үлгүдөгү документти (ID карт жана Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту) баалуу кат менен жөнөтүү (жеткирүү) кызматын 100 сом деңгелинде 2017-жылдын 15 – сентябырындагы №34-буйругу менен белгиленген.
07.04.20232017- жылдын 26 -октябрынын №38 буйругу менен атайын унаа токтоочу жайга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоого, жайгаштырууга тарифтердин чектүү максималдуу көлөмү– 1500 сом өлчөмүндө макулдашылды.
07.04.2023Иликтөө учурунда, Мамагенттиктин аймактык бөлүмдөрү жана көмүр казуучу компаниялар тарабынан “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы №262 токтомунун 4-пунктун аткаруу боюнча жүргүзгөн иштери текшерилди. Ошондой эле, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен жолугушу учурунда көмүргө болгон баанын өсүшүнө жол бербөө жана калкты убагында камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү керектиги айтылды.
Андан сырткары, Ош жана Баткен облустарындагы көмүр сатылуучу точкаларында сатуучулар менен бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Сапардын жыйынтыгында, Мамагенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине күн сайын көмүрдүн баасына көз салып туруу, көмүр казуучу компаниялардын жетекчилерине бекитилген бааны кармануу боюнча тапшырмалар берилди.