Снижена стоимость по качественному анализу полимеразно-цепной реакции (ПЦР) по выявлению РНК/ДНК вирусных инфекций ЦГСЭН г. Бишкек
07.04.2023КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталы тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды
07.04.2023Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” жарлыгына ылайык, эмгек мигранттарын барган өлкөлөрдө ар тараптан колдоо биринчи кезектеги милдет деп аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн иш-чараларды туруктуу негизде ишке ашыруу боюнча ишти активдештирүү сунушталган.
Жогорудагы жарлыкты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмесин) “Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү берүү” кызматтын кошумча аткаруучусу катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулган.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 2-декабрындагы №32 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти жана чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан “Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгүн берүү (алмаштырууда)” көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматынын тарифи 2158 сом өлчөмүндө макулдашылды.