Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы Жалпы дарыгерлердин практикалоо борбору (тиш дарылоо)” тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
24.04.2023“Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркы тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
26.04.20232023-жылдын 19-апрель күнү Ош шаарынын мэриясынын кичи залында Ош шаарындагы социалдык дүкөндөрдү иштетүүгө ишкерлерди тандоо боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул отурумга комиссиянын мүчөсү – Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Э.Мажитов катышты.
Социалдык дүкөндөрдү (бөлүмдөрдү) түзүүнүн негизги максаты аз камсыз болгон жарандарга тамак-аш азыктарын, анын ичинде 10 %дан ашпаган товардык үстөгү менен сунушталган ассортименттик тизмеге киргизилген социалдык маанилүү тамак-аш азыктарын сатуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Бул тизмеге эт, өсүмдүк майы, сүт, картошка, пияз, ун ж.б. азык түлүк товарлары кирген.
Белгилей кетсек бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында 7 аймактык башкармалыкта 7 социалдык дүкөн ачылган.