2019-жылдын 27-28 – ноябрында Россиянын Монополияга каршы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин эксперттеринин жолугушууларын ɵткɵрүү боюнча жетишкен макулдашуусуна ылайык, ичүүчү сууга тариф түзүү, мурда доминант болгон субъекттер менен Россиянын Монополияга каршы кызматынын ɵз ара кызматашуу жана темир жол аркылуу ташуу практикалары боюнча эксперттердин дэнгээлинде жолугушуулар ɵткɵрүлдү. Ошону менен бирге, 2019-жылдын 29-ноябрында ЕЭКнын аянтында […]