Баардык бөлүмдөрдун жаңылыктары

19.12.2022
Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын акы төлөмө кызматынын прейскуранты макулдашылды
Баткен облустук бөлүмдүн адистери тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо» тартибинин  негизине ылайык Кыргыз Республикасынын […]
19.12.2022
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине пландык текшерүү жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине пландык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында “Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине тарифтерди (баанын) көтөрүлгөнү аныкталып айып пул салынды. Прейскуранттагы тарифтин баасын 62% төмөндөдүү, Нарын облустук бөлүмү тарабынын 2022-жылдын 8-декабрь айында №01-13/34 буйругу менен макулдашуудан өттү.
19.12.2022
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп айылында жарнама баннеринде мамлекеттик тилдин жоктугу үчүн айып пул салды
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп районунун, Түп айылында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-ст. 3 пунктуна дал келбегендиги тууралу акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403 ст. ылайык 170 эсептик көрсөткүч эсебинде айып пул салынды.
14.12.2022
2021-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарындагы жарманкелердеги бааларга мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчүлөр үчүн эң керектүү азык-түлүктөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана социалдык маанидеги тамак-аш азыктарына баанын негизсиз жогорулатылышына жол бербөө максатында Бишкек шаардык мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарынын […]
13.12.2022
Жалал-Абад шаарында “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
2022-жылдын 18-октябрында Жалал-Абадс шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, ишкердик субъекттер арасында жарнактык маалыматты даярдоодо жана жайылтууда “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.