Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүлсүн. Квалификациялык талаптар: Мамлекеттик административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: 1.Кесиптик билим деңгээли: – «Журналистика» багыты боюнча «гуманитардык илимдер» тармагында жогорку кесиптик билим. – техникалык илимдер тармагында жогорку кесиптик билим (сапатты башкаруу, стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология, механика, […]