Мойдинов Ниязбек Тойгонбаевич
Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы

Нарын шаары Ленин көч. 76 тел:0 3522 5 09 53

19.12.2022
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине пландык текшерүү жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине пландык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында “Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине тарифтерди (баанын) көтөрүлгөнү аныкталып айып пул салынды. Прейскуранттагы тарифтин баасын 62% төмөндөдүү, Нарын облустук бөлүмү тарабынын 2022-жылдын 8-декабрь айында №01-13/34 буйругу менен макулдашуудан өттү.
13.12.2022
2022-жылдын 17-октябрында Нарын райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери менен мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын прейскурантын макулдашуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10 – февралындагы №85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведометволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомунун тизмегине киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо” тартибинин негизинде, кызмат […]
13.12.2022
2022-жылдын 3-августунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында соодагерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
2022-жылдын 3-августунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын шаардык мэриясынын, Нарын облмамадминистрациясы жана Нарын ТВ менен биргеликте социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында Нарын шаарындагы базарларда жана ири соода түйүндөрүндө соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин алып барып бүгүнкү күнгө карата баалардын коюлушуна мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурундагы бааларга токтоло кетсек (1 кг/литр): – 1-сорт Казакстан […]
13.12.2022
2022-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2022/2023-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штаб отурумда өткөрүлдү
2022-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2022/2023-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штаб отурумда өткөрүлдү, ага төмөндөгүлөр катышты: Нарын облусундагы  ыйгарым  укутуу  өкүлү, Нарын облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн 1-орун басары, Нарын шаарынын мэри, райондордун акимдери, ар кандай мекеме-ишканалардын жетекчилери, көмүр ишканаларынын өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө райондун бардык акимине, шаар мэриясына көмүр кампаларын даярдоо боюнча тапшырмалар берилди. Нарын […]