Осмонов Ынтымак Жумаматович

Ош облустук бөлүмүнүн башчысы

Ош шаары, Ленин көч. 221, тел:0 3222 5 50 97

31.05.2023
Ош облустар аралык онкология борбору тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү медициналык кызматтарынын тарифтери макулдашылды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри н (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби жана Ош облустар аралык онкология борборунун кайрылуусунун негизинде, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош […]
30.05.2023
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде берилген эскертмени убагында аткарбагандыгы үчүн “Семья” кондитердик үйүнө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 13000 сом айып пул салынды.
15.03.2023
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча семинар өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 15 мартында Ош соода-экономикалык колледжинде студенттердин жана окутуучулардын катышуусунда «15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү» деген темада окутуу семинар өткөрдү. Семинарда Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптары жана Монополияга каршы органдык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар айтылып, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди. Окутуу […]
13.12.2022
Ош облусунун Араван районунда социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү
Ушул жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмдүн кызматкерлери Араван районунун базарларындагы сатуучулардын арасында социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Бүгүнкү күндө кум шекер 80-85 сом/кг, 1-сорттогу ундун 34-42 сом/кг, өсүмдүк майы 5л 720-750 сомдон сатылып жатат жана запастары жетиштүү көлөмдө.
13.12.2022
Ош облустук бөлүмү КРУБ кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын болушуна мониторинг жүргүздү
2022-жылдын 31-мартында керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн укуктарын коргоо максатында, ошондой эле “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин талаптарын аткаруу максатында, Ош облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун Араван районунун аймагында жайгашкан соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын болушуна мониторинг жүргүздү (төлөө тартиби банктык төлөм карттарын алуу жана тейлөө үчүн Кыргыз Республикасынын төлөм системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарында […]