2018-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ караштуу монополияга каршы жɵнгɵ салуу мамлекеттик агенттигинин директору Сабиров Ш.М. Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин кезектеги жолугушуусуна катышты. Жолугушуу Москвада (Россия Федерациясы) Евразиялык экономикалык биримдиктин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Кусаинов М.А. төрагалыгынын астында ɵттү. Кеңешменин жүрүшүндө Союздун укугун өркүндөтүүгɵ профилактика куралдарын киргизүүнү жана атаандаштык эрежелерин бузууну алдын алуу боюнча маселе каралды жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө суроолор каралды. Ушул жылдын февраль айында Союздун алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү менен «мягкое право» институтунун колдоонусу жактырылган. Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын башчысы Артемьев И.Ю. картел менен күрөшүү, мониторинг системасын түзүү жана атаандаштыкты чектөөчү макулдашуулар боюнча мыйзамдарды өнүктүрүү жөнүндө докладын сунуштады. Армения Республикасынын Монополияга каршы органынын жетекчиси Шабоян А.Г. Союздун мүчө-мамлекеттеринде соода тармактар менен жеткирүүчүлөр ортосундагы ак ниеттүү практика Кодексин киргизүү боюнча иш аракеттери менен тааныштырды, жана ошондой эле кээ бир социалдык маанилүү базарларда кара ниет атаандаштыгы боюнча табылган фактылар, анын ичинде айрым продукциянын аталыштары ЕАЭБтин техникалык регламенттеринин талаптарына туура келбегендиги жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жыйынтыгында көрсөтүлгөн багыттар боюнча жана 2018-2020-жылдарга ЕАЭБде атаандаштыкты коргоо боюнча иш-чаралар Планын (бизнестин маалымдуулугун жогорулатуу) ишке ашыруу тууралуу ишти улантуу жөнүндө чечим кабыл алынган.үштү