Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Ш.М. Сабиров Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсү (Министр) С.М. Жумангарин менен 25-27 сентябрда Бишкек шаарында болуп өткөн “5+1” форматта кеңешменин жыйынтыктары боюнча “Sputnik Кыргызстан” медия агенттигине интервью беришти.
27.09.201930-октябрда Ош шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коомдук кабыл алуу көчмө жыйыны болуп өттү
01.11.201930-октябрда Ош шаарында (Кыргыз Республикасы) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коллегиянын мүчөсү Серик Жумангариндин, ошондой эле блоктун тармактык департаментинин кызмат адамдарынын катышуусунда, Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коомдук кабыл алуу блогунун көчмө отуруму болуп өтөт. Маалымдама: Евразиялык экономикалык комиссия – Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бир нече улуттардын туруктуу иштөөчү жөнгө салуучу органы (ЕАЭБ). Анын аткаруучу органы болуп ЕЭКтин Коллегиясы эсептелет, бирликке катышкан ар бир өлкө боюнча 2 өкүлдөн куралган 10 мүчөдөн (министрлер) турат. ЕАЭБде Бирликтин трансчекаралык рыногундагы атаандаштыкка каршы аракеттерди табууга жана жоюуга мүмкүндүк берген атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери белгиленген. Бул түздөн-түз ЕАЭБде бизнес жүргүзүүнүн шарттарына таасир этет, ишкерлер жана ак ниет атаандаштык үчүн бирдей шарттарды камсыз кылат. ЕЭК атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө чөйрөсүндө ыйгарым укуктарга ээ. Комиссия арыздарды карап, териштирүүлөрдү жүргүзүп; ишти козгоп жана карай алат; аныктама чыгара алат, чарбакер субьекттердин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди кабыл ала алат; айыптык санкцияларды кабыл ала алат. ЕАЭБдин бизнес менен тикелей аракеттешүү форматында өткөрүлүүчү Комиссиянын монополияга каршы блогунун коомдук кабылдамасынын отуруму Бирликтин трансчекаралык рыногундагы жалпы эрежелерди бузууларды табуу жана жоюу боюнча таасирлүү куралдардын бири болуп калды. Мындай отурумдар өткөрүлүп келген эки жыл ичинде Армениянын, Белорусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын 1000ден ашуун компанияларынын өкүлдөрү катышып келет. Комиссиянын ыйгарым укуктары жана өз укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бизнестин маалымдуулугу 2018-2019-жылдарда Комиссияга трансчегаралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуулар жөнүндө 36 арыздын келип түшүү факторлорунун бири болуп калды. Үстүбүздөгү жылы бизнес менен жолугушуулар Беларусь, Казакстан жана Россия Федерациясынын 18 шаарында өткөрүлдү. Комиссиянын эксперттери ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун ишмердиги, ЕАЭБдин укугундагы акыркы өзгөрүүлөр жөнүндө толук айтып беришет.
Ал өзгөрүүлөргө кийинкилер кирет:
атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоону натыйжалуу көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон алдын алуу жана эскертүү институттары;
ЕАЭБдин трансчегаралык рыногунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик;
бузулган укуктарды коргоо жана ЕЭКтин мындай кайрылууларды кароо эрежелери үчүн ЕЭКке кайрылуу жол-жобосу тууралуу консультациялар. ЕАЭБдин трансчегаралык рыногунда укуктары бузулган ишкерлер Комиссиянын адистеринен өз кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрү туурасында жекече кеңештерди ала алыша тургандыгы билдирүүдө айтылат. Жолугушуунун өзүнчө бөлүгү ЕАЭБке мүчө-мамлекеттердин рынокторунда бизнестин ишкерликти жүзөгө ашыруунун алкагында кездешкен башка маселелерин талкуулоого арналат. Катышуу үчүн арыздарды maldybayev@eecommission.org же dusurupova@eecommission.org. электрондук почтасына жөнөтүңүздөр ,
тел.: +7 (495) 669 24 00 кош. 5409 же +7 (495) 669 24 00 кош. 5436 ЖММ өкүлдөрүн аккредитациялоо үчүн билдирмелерди Somova@eecommission.org электрондук почтасына тел.: +7 (495) 669 24 00 кош.5412 жөнөтүңүздөр.