2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д. Тайлаков ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Э.А.Кайкиевдин төрагалыгында болуп өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын табигый монополиялар боюнча консультативдик комитетинин 22-отурумуна катышты.
Отурумдун жүрүшүндө Комитеттин мүчөлөрү Табигый монополия субьектилеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө Протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалыматтын долбоору комитеттин мүчөлөрү тарабынан каралып чыгып, жактырылды (Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндөгү келишимге № 20 тиркеме). Мындан ары маалыматтын долбоору Жгорку евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна коюлат.
Ошондой эле, Комитеттин мүчөлөрү тарабынан ЕАЭБке мүчө-мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкештөөгө багытталган сунуштардын тизмеси жактырылды.