Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович менен кызматтын эксперттери П.А. Ли жана С.Ш. Кокошеров 2022-жылдын 6-сентябрдан 8-сентябрь аралыгында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) монополияга каршы саясатты ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча төмөнкү иш-чараларга катышат: – 2022-жылдын 6-сентябрында Евразия экономикалык биримдигинин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жана атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министрдин) кеңешмеси өткөрүлөт (“5+1” форматында); – 2022-жылдын 7-сентябрында Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин 30 жылдыгына арналган Эл аралык конференциясы өткөрүлөт; – 2022-жылдын 8-сентябрында КМШга мүчө-мамлекеттердин Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 53-отуруму жана КМШга мүчө-мамлекеттердин Монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча штабынын 39-отуруму өткөрүлөт. Ошондой эле, иш сапардын алкагында Кызматтын төрагасы К.Д.Тайлаков менен Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министри – А.И. Богданов жана Россия Федерациясынын Федералдык Монополияга каршы кызматынын (Россия ФМКнын) башчысы – М.А.Шаскольский менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.