Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эксперттери «Атаандаштык укугу жана рынок экономикасын өнүктүрүү» темасында онлайн режимде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуудан өтүштү
15.11.2022Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматындагы санариптик рыноктордо монополияга каршы иштерди кароо маселелери боюнча семинарга катышышты
21.11.20222019-жылдын 13-14-ноябрында Өзбекистан Республикасынын Ташкент шаарында “Климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү” аталышындагы Борбор Азия конференциясы болуп өттү.
Аталган конференцияга Мамагенттиктин директорунун орун басары Тайлаков Кеңешбай Доскулович катышып, Борбор азиядагы ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана тариф саясаты жаатында талкууга катышты.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында, ичүүчү суу жаатында тариф саясаты боюнча жана эки өлкөнүн монополияга каршы органдарынын кызматташуусу боюнча Өзбекистан Республикасынын монополияга каршы комитетинин жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү.