2019-жылдын 13-14-ноябрында Өзбекистан Республикасынын Ташкент шаарында “Климаттын өзгөрүшүнүн контекстинде Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү” аталышындагы Борбор Азия конференциясы болуп өттү.
Аталган конференцияга Мамагенттиктин директорунун орун басары Тайлаков Кеңешбай Доскулович катышып, Борбор азиядагы ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана тариф саясаты жаатында талкууга катышты.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында, ичүүчү суу жаатында тариф саясаты боюнча жана эки өлкөнүн монополияга каршы органдарынын кызматташуусу боюнча Өзбекистан Республикасынын монополияга каршы комитетинин жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү.