Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык социалдык маанидеги нанга жана нан азыктарына баанын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы № 129 «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 9-октябрында «Чуй облусунун аймагында 90 календардык күндүк мөөнөткө биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээли белгилөө жөнүндө» буйрук чыгарылды. Чүй облусунун аймагында 1 сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) максималдуу дүң жана чекене баалар төмөнкүдөй деңгеээлде белгиленди: