Сокулук районунда нан баасына мониторинг жүргүзүлдү
17.10.2023Нарын облусунда нан бааларына мониторнинг жүргүзүлдү
17.10.20232023-жылдын 16-октябрь күнү Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан шаар мэриясынын кичи залында мэриянын экономика бөлүмүнүн башчысы С. Эргешов, мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары С. Исраиловдун катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан 16 базардын жетекчилери катышты. Отурумда базар жетекчилерине социалдык маанилүү товарлардын, анын ичинде нандын баасына коюлган баалар жана анын көзөмөлдөнүшү боюнча маалыматтар берилди.
Белгилей кетсе, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык социалдык маанидеги нанга жана нан азыктарына баанын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы № 129 «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругу чыккан.