Социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг
07.05.2024Социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
10.05.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 8-май күнү Жалал-Абад шаарынын аймагындагы соода түйүндөрүндө Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин 22-1 пунтунун аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг шаардагы 17 соода түйүнүндө жүргүзүлүп, жыйынтыгында аянты 200 чарчы метрден ашык соода түйүндөрүндө “Кыргызстанда жасалган” деген шелфтокерлер бар экендиги аныкталып, бирок керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруучу маалыматтык көрсөтмөлөр, көрнөктөр жана баннерлердин коюлбагандыгы аныкталды. Ал соода түйүндөрү азыркы учурда атайын көрнөктөргө жана баннерлерге буюртма берилгендигин билдиришти. Бөлүм тарабынан бардык соода түйүндөрүнө токтомдун талаптарын так аткаруулары боюнча ооз эки түрдө эскертүүлөр берилди.
Мындан арыда, бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтому боюнча мониторинг жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.