Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн мекеме-ишканаларга накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн атайын техникалык жабдуулардын орнотулушу боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Сузак филиалына Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 317-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан арыда, бөлүм тарабынан POS-терминалдар жана QR-коддор боюнча мониторинг жүргүзүлүп турат.