Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү 2024-жылдын 11-апрелинде Чүй облусунун Токмок шаарындагы базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык мааниге ээ болгон азык түлүк жана азык түлүк эмес товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда социалдык мааниге ээ болгон товарлардын ичинен күйүүчү майлоочу майлардын баалары 1 литрине 1 сомго чейин көтөрүлгөндүгү байкалды, ошондой эле ишкердик субъектерге социалдык мааниге ээ болгон товарлардын бааларын негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун район жана шаарларынын аймагында социалдык мааниге ээ болгон товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү дагы улантылат.