Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө 2024-жылдын 27-мартында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмү тарабынан кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен камсыздалбаган жана кыска мөөнөттө жабдууларды орнотуу боюнча эскертүү берилди. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөр үчүн маалыматтар илинген. Электрондук кезек менен иш алып барылууда.
Мониторингде Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.