Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери социалдык маанидеги товарлардын кымбатташына жол бербөө максатында, 2024-жылдын 27-март күнү Ош базарында социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларга азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, базарларда баалар туруктуу жана таңкыстык жок.