Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Бишкек шаары боюнча бөлүмү тарабынан Р.М. аттуу жарандын туристтик агенттикке карата арызы каралган.
Арызда көрсөтүлгөндөй, керектөөчү Бишкек шаарындагы ОсОО “С” туристтик агенттигинен, чет өлкөлөрдүн бирине саякаттоо үчүн Саякат пакетин (тур пакет) сатып алган.
Бирок керектөөчү саякатка барган учурда, туристтик агенттик сунуштаган кызматтардан бир топ кемчиликтер аныкталган.
Тагыраагы, туристтер жашай турган мейманкананын (отель) талаптарга жооп бербегендиги, санитардык нормалардын бузулгандыгы сыяктуу көрүнүштөр орун алган. Жаран 2 күндөн кийин кайра артка кайтууга мажбур болгон.
Арыздын негизинде Бишкек шаары боюнча бөлүмүндө жыйын өткөрүлүп, арызда көрсөтүлгөн кемчиликтер каралды.
Отурумдун жүрүшүндө, иштин материалдары изилденип, процесстин катышуучуларынын жүйөөлөрү угулду.
Жыйынтыгында, керектөөчүнүн Саякат пакети үчүн коротулган 265 000 (эки жүз алтымыш беш миң) сом өлчөмүндөгү каражат керектөөчүгө кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин бузуулар аныкталган.
Анда сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө сапаты жана саны келишимге ылайык келген товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү. Мыйзамдын 38-беренесине ылайык керектөөчү аткарылган жумушта (көрсөтүлгөн кызматта) кемчиликтерди тапканда, өз тандоосу боюнча аткарылган иштеги кемчиликтерди жоюуга кеткен чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.