Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигининКара-Суу филиалына, Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жана Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары – QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдуулары жок экендиги аныкталды.
Мониторингдин жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 317-берененин 1-пунктуна ылайык 3 мекемеге 5000 сомдон айып пулдар салынды.