2024-жылдын 18-апрель күнү, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү.
Мониторинг (рейд) алгач Ош шаарынын Кызыл-Кыштак муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Достук кварталынан башталып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Кызыл-Кыштак” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жарнама жана Мамлекеттик тил Мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген ээлерине бир катар эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө 38 обьект камтылды (сулуулук салону, авиакасса, кафе, дүкөн, жеке медициналык клиника,даарыканалар,унаа жуучу жайлар ж.б.).
Ошондой эле буга чейин тиешелүү көрсөтмөлөр жана эскертүүлөр берилген, ченемдик укуктук актыларды бузган, мыйзам талабына жооп бербеген, терезелерге,эшиктерге чапталып эскилиги жеткен жарнамалар алынды.
Жогорудагыдай иш-чаралар белгиленген графике ылайык шаардын башка аймактарында уланат.