2024 – жылдын 27 – мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) Талас шаардык прокуратурасы менен биргелешип уюштурулган жеке ишкерлер менен тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чара жеке ишкерлерден тышкары Талас шаардык салык кызматынын, Талас шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Талас шаарынын вице-мэринин, ишкердикти колдоо бизнес ассоциациялардын, “УТРК Талас” ММКнын жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда өттү.
Тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы ПЖ № 1 сандуу “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми Талас облустук бөлүмдүн башчысы Б.Р. Токтогулов жыйындын катышуучуларына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматтын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, ишкерлерге “Керектөөчүлөрдун укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптары боюнча кенен түшүндүрмө берди.
Тегерек столдун соңунда ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда суроо-жооптор берилип, ар тарап өзүнө керектүү маалыматка ээ болду.