2019-жылдын 25-26-ноябрында Стамбул шаарында (Түркия) ЮНКТАДдын катышуусу менен Түрк конкуренттик ведомствосунун 22- жылдык майрамынын урматына Түрк конкуренттик ведомствосу Атаандаштык боюнча Стамбул Форумун өткөрдү. Атаандаштык боюнча Стамбул форумун уюштуруу демилгеси атаандаштык мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бириктирүүгө дүйнө жүзү боюнча Монополияга каршы органдардын ишмердүүлүгүндө кездешкен атаандаштыктын маанилүү маселелерин талкуулоого, ошондой эле Монополияга каршы органдар ортосунда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган. Форумдун алкагында үч топтук жыйналыш өткөрүлдү: (i) Санариптөө жана атаандаштык жаатындагы мыйзамдар жана саясат, (ii) Атаандаштык жөнүндө мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык, (iii) Картелге каршы колдонулуучу эффективдүү укук. Стамбул шаарында (Турция) өткөрүлгөн Атаандаштык боюнча Стамбул форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын жана Түрк Республикасынын монополияга каршы мекемелеринин расмий жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын жана Түрк Республикасынын монополияга каршы мекемелеринин 2015-жылы кол коюлган кызматташтык жөнүндөгү Меморандумун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жолугушуу Кыргыз Республикасынан: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Мамыралиев Айбек Абасканович, жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Алыкулова Назина Абдулазисовна жана ушул эле башкармалыктын башкы адиси Турдубаева Гульзада Куванычбековна, Түрк Республикасынан: Rekabet Kurumu төрагасынын орун басары Куршат Унлусой мырза жана Rekabet Kurumu төрагасынын орун басары Абдулгани Гунгорду мырзанын катышуусунда болуп өттү. Ошондой эле 2019-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен Түрк Республикасынын Соода министрлигинин Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана базарларга көзөмөлдүк кылуу боюнча башкы башкармалыгынын башкы директору Ахмет Эрдал мырза башында турган, өкүлдөрү директордун орун басары Байрам Узуноглан мырза, Авни Дилбер мырза жана Микаил Килич мырза, жарнама башкармалыгынын башчысы Огуз Шахин мырза, мыйзамды баалоо жана отчеттуулук башкармалыгынын башчысы Хасан Мутаф мырза, базарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы Мерал Карааслан мырза, сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Халил Ипек мырза, керектөөчүлүк арбитраждык комитеттерди координациялоо бөлүмүнүн башчысы Кадыр Йылмаз мырза, керектөөчүлөрдүн даттануулары бөлүмүнүн башчысы Булент Айжан айым, ошондой эле соода эксперттери Мурат Яшар мырза жана Хижри Айтач Татар мырза менен расмий жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия тарап уюмдун түзүмүн презентация кылды, андан соң Мамагенттик менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин 2018-жылы кол коюлган кызматташтык жөнүндөгү меморандумун ишке ашыруу жөнүндө маселелер талкууланды. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында ведомстволор ортосундагы Меморандумдарды мындан ары ишке ашыруу боюнча программанын долбоорун түзүүнү чечим кылышты.