Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 13-мартында Токмок шаарындагы ири азык-түлүк дүкөндөрүндө жана “Булак” базарында социалдык маанидеги товарларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө азык- түлүк сатуучу жайлардын сатуучуларына, суу май, кум шекер, эт жана башка товарлардын чекене баасын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, айрым азык-түлүк бааларынын баасы төмөндөгөнү байкалды.