2023-жылдын 15-мартында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына лекция өткөрүлдү.
Лекциянын жүрүшүндө темага жараша жана монополияга каршы мыйзамдары жөнүндө слайд көрсөтүлүп, катышуучулар Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамын негизги багыттары менен, керектөөчүлөрдун жана сатуучулардын ортосундагы мамилелер менен, товарлардын сапаты жөнүндө суроолор менен таанышышты. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, талкулоо болду.