Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат)
мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу жана отунэнергетикалык комплексинен тышкары, экономиканын бардык тармактарында
мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты коргоону жана
өнүктүрүүнү, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу
жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын
көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин
мамлекеттик органы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ишинин максаттары
атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик монополияга каршы саясатты
жана ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жагындагы саясатты ишке ашыруу
болуп саналат.
Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасындагы товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр
рыногунун натыйжалуу иштөөсү үчүн атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо;
2) монополиялык иштин жана ак ниет эмес атаандаштыктын алдын алуу,
чектөө, бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашыруу;
3) керектөөчүлөрдүн жана табигый монополиялардын субъекттеринин
кызыкчылыктарынын балансына жетүүнү, керектөөчүлөр үчүн алар саткан
товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жеткиликтүүлүгүн жана
бааны жөнгө салууну камсыз кылуу;
4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда
керектөөчүлөрдүн укуктарын мамлекеттик коргоо;
5) жарнаманын керектөөчүлөрүн мамлекеттик коргоо;
6) өлчөөлөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын кесепеттеринен мамлекеттин
жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо;
7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин жана Мамлекеттик гербин
даярдоодо, сатууда жана пайдаланууда техникалык өзгөчөлүктөрүнүн
талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө.
Кызматтын ишин регламенттөөчү ченемдик укуктук база:
Мыйзамдар:
Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамы;
“Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө»
Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу
жөнүндө» Мыйзамы;
Ишкер субьектилердин ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын “Ишкер
субьектилерге текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына
ылайык жүргүзүлөт.
Мыйзам алдындагы актылар:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы “Кыргыз
Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба
жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү
субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү
жөнүндө” №404 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы Кыргыз
Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген Чарба
жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин
бекитүү тууралуу” №304 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы “Кыргыз
Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү
тартибин бекитүү тууралуу” № 461 токтому;
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 27-
сентябрындагы “Монополиялык жогорку (төмөнкү) бааны аныктоо тартибин
бекитүү жөнүндө” №529 токтому;
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-
ноябрындагы “Экономикалык концентрацияларды контролдоо боюнча эрежелерди
бекитүү жөнүндө” №617 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы “Чарбакер
субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу”
№391 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы “Кара ниет
атаандаштык жаатында монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө
иштерди кароо тартибин бекитүү тууралуу” №362 токтому;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 04-ноябрь 2022-жылдын
4-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын
бузуулар жөнүндө иштерди кароонун Эрежелерин бекитүү тууралуу” №619
токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы
“Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон
аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө эскертүүлөрдү берүү тартибин бекитүү
тууралуу” №534 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы “Кыргыз
Республикасынын табигый монополиялары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана
билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан кароо
эрежелерин бекитүү тууралуу” №366 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 5-апрель 2013-жылдын 5-апрелиндеги
“Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин товарларды
(жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө”
№175 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы “Жөнгө
салынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү
боюнча жана жалпысынан башка иштер боюнча кирешелерди, чыгымдарды жана
тартылган активдерди өзүнчө эсепке алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” №130
токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-октябрындагы
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасын ишке
ашыруу боюнча чаралар тууралуу” №667 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” №869 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн
өлчөмүн аныктоонун тартибин бекитүү жөнүндө”№637 токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы 364
“Атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашууларга
(макулдашылган иш-аракеттерге) бөгөт коюуну аныктоо боюнча эрежелерди
бекитүү жөнүндө” №364 токтому.
Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу
(мораторий) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы
№380 Жарлыгы менен 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине
текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилген.
Бул Жарлыкты ишке ашыруу максатында, “Ишкердиктин субъекттерине
текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер
кабинети тарабынан 2022-жылдын 30-декабрындагы “Ишкердиктин субъекттерине
текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүү
жөнүндө” №725 токтому кабыл алынган.
Аталган токтомдун 1-пунктунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин 2023-жылдын 21-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейин
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы №
276-VII токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү
жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине ылайык укук коргоо
органдары жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар
ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин
текшерүүлөргө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилгени аныкталган:
1) кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик
субъекттеринин арыздары боюнча;
3) башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары
боюнча;
4) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;
5) электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтерди түзүү
жана колдонуу бөлүгүндө отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү мыйзамдарды
сактоо маселелери боюнча;
6) бажы кызматы тарабынан бажы контролдугу астында турган товарларга карата;
7) алып келинүүчү, өндүрүлүүчү жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу
материалдардын, отундун сапатынын сакталышын көзөмөлдөө тартибинде;
8) жер казынасын иликтөөнү жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик
субъекттери тарабынан мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын сактоо
маселелери боюнча;
9) социалдык маанилүү товарларга бааларды жөнгө салуу маселелери боюнча;
10) санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык коопсуздук
чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча.
Консультациялык жардам
Кыргыз Республикасынын Президентинин 21.11.2022-жылдагы “Ишкердиктин
субъекттерине 2023-жылдын 31-декабрына чейин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө
убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүү жөнүндө” №380 Жарлыгын
аткаруу максатында, Кызмат ишкердик субъекттерине монополияга каршы
мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча консультациялык жардам
көрсөтүүдө.
Консультациялык жардам алуу үчүн ишкердик субъекттери Кызматка же анын
аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат.
Байланыш маалыматтары:
Борбордук аппарат (Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 7б/1, тел: (0312) 56-33-03);
Бишкек шаардык бөлүм (Бишкек ш., Чүй пр., 114. тел: (0312) 66-49-44);
Баткен областтык бөлүм (Баткен ш., Садыков көч.,а, 43. тел: (3622) 5-51-49);
Жалал-Абад областтык бөлүм (Жалал-Абад ш., Шопоков көч., 4. тел: (3722) 7-00-25);
Ысык-Көл областтык бөлүм (Каракол, Пржевальск көч., 123. тел: (3922) 3-15-95);
Нарын областтык бөлүм (Нарын, Ленин көч., 76. тел: (3522) 5-09-53);
Ош шаары боюнча бөлүм (Ош ш., Ленин көч., 221. тел: (3222) 5-63-42);
Ош областтык бөлүм (Ош ш., Ленин көч., 221. тел: (3222) 5-50-97);
Талас областтык бөлүм (Талас ш., Бердике Баатыр көч., 287. тел: (3422) 5-28-51);
Чүй областтык бөлүм (Бишкек ш., Чүй пр., 114. тел: (312) 66-52-04);