“Унаа” мамлекеттик мекемесинде, Аламүдүн району боюнча “Автомобильный” МТКсында мониторинг жүргүзүлдү.
Керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жоктугу;
Керектөөчүлөр үчүн Pos-терминалдар мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу;
Кызматтарды сапатсыз көрсөтүү (кезек көбөйгөн учурда операторлордун жоктугу) сыяктуу кемчиликтерге көңүл бурулдү. Жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган жок. Бирок калкты тейлөө борборунда баалардын прейскуранты керектөөчүлөр үчүн көрүнүктүү жерде жайгаштырылган эмес. Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан керектөөчүлөр үчүн толук жана так маалыматты, анын ичинде баалардын прейскурантын берүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөтүлөт.