Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Жалал-Абад областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү “Бакыт” борбору” тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
06.04.2023Нарында сүт боюнча көйгөй жок
06.04.2023Ушул жылдын 06-апрелинде Кыргыз Республикасынын экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Баткен районунун жергиликтүү органдардын,
Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-
эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү менен биргеликте Баткен
районундагы базарларындагы сатуучулардын арасында социалдык маанидеги товарларга
баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын
жүргүзүштү.
Ошондой эле, бул иш-чаралардын жүрүшүндө «Атаандаштык жөнүндө» жана
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында түшүндүрмөлөр берилди.
Ушундай эле иш-чаралар Баткен облусунун башка райондорунда дагы
өткөрүлмөкчү.