“Гауян Таза Суу” ИСКАКБсынын ичүүчү суу баасы белгиленди
12.04.2023Баткен шаарында жарнактар боюнча мониторинг жүргүзүлдү
14.04.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2022-жылдын 22-март күнү Ош шаарында таратылып жаткан жарнактардын мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг жүргүзүү учурунда «ЭрДент» тиш дарылоо борборунун (Ош ш., Ленина көч., №40), лицензиясынын номери жок жана лицензия берген органдын аталышы жазылбаган жарнагы табылган. Бул Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна каршы келет.
Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык “эгерде жүзөгө ашырган иши атайын уруксат берүүнү (лицензияны) талап кылса, бирок андай уруксат берүү (лиценщия) алынбаса, жарнак берүүчүнүн өзү жөнүндө жарнактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынган товарларды жарнактоого жол берилбейт.
Эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле ошол лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесин жетекчиликке алып, «ЭрДент» медициналык борборунун жетекчилигине эскертме кагазы берилди.