2023-жылдын 2-кварталындагы аткаруу бийлик органдарына жана алардын ведомстволук мекемелерине өткөрө турган текшерүүлөрдүн планы:
18.04.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Кербен сууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү сууга көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
19.04.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адистери менен биргеликте Каракол шаарындагы “ЦОН” же Калкты тейлөө борборуна Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинде көрсөтүлгөндөй, – Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төмөндөгүлөргө укуксуз: – товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө.
Мониторингдин жыйынтыгы менен шаардык Калкты тейлөө борборунда банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга сунуш берилди.