“Бир айыл – бир продукт” программасынын алкагындагы жыйынга Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысы катышты
27.04.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Аксы райондук Жалпы дарыгердик практика борбору (тиш дарылоо жана башка кызмат көрсөтүү)”, “Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркы” мекемеси, “Жалал-Абад облусунун Сузак районунун үй-бүлөлүк медицина борбору”, “Токтогул райондук суу чарба башкармалыгы” тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
28.04.20232023-жылдын 27-апрель күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында КРСУнун экономика факультетинин 4-курсунун студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлдү. Кызматтын төрагасы Кеңешбай Доскулович аталган иш-чараны ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, студенттерге монополияга каршы органдын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат менен кошо кызыктырган суроолоруна да жооп берди. Андан кийин тармактык бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан Кызматтын бардык багыттары боюнча маселелер баяндалды. Атап айтканда, монополияларды жөнгө салуу, мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле рынокторду талдоо, атаандаштык чөйрөсүн баалоо, метрологиялык көзөмөлдөө жана мекеме тарабынан ЕЭК алкагында жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер. Студенттер мамлекеттик кызматка тандоо жана кирүү жол-жоболору, ошондой эле мамлекеттик кызматтагы иштин келечеги менен таанышты. Ачык эшик күнүнүн жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.