Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
27.04.2023“Бир айыл – бир продукт” программасынын алкагындагы жыйынга Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысы катышты
27.04.2023Үстүбүздөгү жылдын 27–апрелинде Монополияга кызматынын аянтчасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаевдин жетекчилиги алдында республиканын нефтетрейдерлери – КММ рыногунун ири операторлору менен төмөнкү маселелерди талкуулоо боюнча ыкчам жумушчу кеңешме болуп өттү: баалар, жеткирүүлөр, запастар, көйгөйлүү маселелер боюнча.
КММ рыногун турукташтырууга багытталган иш-чаралардын негизинде, бүгүнкү күнгө чейин ири нефтетрейдерлер тарабынан КММга баанын төмөндөшү катталды. Алсак, ушул жылдын башынан тартып Аи-92 бензинине баанын төмөндөшү 7,0 сом/л чейин (58,9 сомдон/л чейин 51,9 сомго/л чейин), ал эми дизелдик отунга – 3 сом/л чейин (74,9 сомдон/л чейин 71,9 сомго/л) түздү.
Кеңешменин жүрүшүндө нефтетрейдерлер республиканын рыногуна КММ жеткирүүдөгү бир катар көйгөйлөрдү белгилешти. Алар белгилегендей, коңшу республиканын аймагында темир жол вагондорунун кармалышына байланыштуу, жүктөрдү жеткирүү убактысы көбөйүүдө. Мындан тышкары, транзиттик ташууга болгон тарифтер да жогорулаган.
Ошондой эле, нефтетрейдерлер белгилегендей, Россиянын айрым ири мунай иштетүүчү заводдору оңдоо иштерине токтогон, буга байланыштуу КММ жана дизелдик отунду чыгаруу көлөмү азайганы байкалган.
Нефтетрейдерлер ошондой эле индикативдик баланстын алкагында алымсыз жеткирүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин көтөрүштү. Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаев индикативдик баланс боюнча маселе чечиле тургандыгын билдирди.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча КММ жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылууга багытталган чаралар иштелип чыгып, нефтетрейдерлерге төмөнкүдөй сунуштар берилди:
-КММга бааларды негизсиз жогорулатпоо жана турукташтырууга багытталаган бардык мүмкүн болгон иш-чараларды жүргүзүү;
-“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так сактоо;
-Кыргыз Республикасынын ички рыногунун конъюнктурасынын өзгөрүшүнө ыкчам таасир этүүгө багыталган иштерди жүргүзүү;
-Рынокту КММнын жетиштүү көлөмү менен камсыз кылып тартыштыка жол бербөөнү камсыз кылуу.
Нефтетрейдерлер сунуштарды кабыл алып, мындан ары бааларды жаңы келишимдерди жана жеткиликтүү запастарды эске алуу менен турукташтурууга багытталган иш-чараларды алып барышын билдирди. Ошол эле учурда, бүгүнтөн баштап кээ бир мунай сатуучу компаниялар тарабынан АИ-92 маркасындагы бензинге болгон баа 0.5 сом/л 1 сом/л төмөндөө катталды.