Ичүүчү суу боюнча жыйын өттү
29.04.2023Жалпы шаардык ишембилик
29.04.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн адиси менен биргеликте 2023-жылдын 28- апрелинде Каракол шаарында жайгашкан “Ак-Булак” сүтзаводуна жана Жети- өгүз районундагы “Ак-Жалга” сүт иштетүүчү заводуна акыркы убакта көтөрүлүп жаткан чийки сүттү кабыл алуу баасы боюнча маселелер боюнча жериненен таанышуу иретинде барып талдоо жүргүзүп келди. Сүт иштетүүчүлөрдүн айтуусуна караганда азыркы учурда элден чийки сүттү кабыл алуу баасы 24-25 сомго чейин төмөндөгөнүн белгилешти.
Аты | Каб алуу сом | Ортомчулар | Келип түшүшү | Кубаты сутка тонна | Азыркы кубаты тонна | Иштегендер баары |
Ак-Жалга | 24 | 5 | 29 | 100 | 30-40 | 130 |
Ак-Булак | 25 | 5+2,5 (айылдарда коюлган муздаткычтардын чыгымы) | 32,5 | 200 | 40 | 104 |
Чийки сүттү кабыл алуунун баасынын төмөндөшүнү негизги себептери; – Учурдагы сүттөрдүн майлуулугунун төмөндөшү азыр 2,9 же 3,0% чейин төмөндөдү. Талап боюнча 3,4% болушу абзел (айрым сүт тапшыруучулар сапатсыз тапшырганынан улам чогултулган сүттүн 10% чейин курамынан суу чыгат экен). – Белорусиянын сүт азыктарынын Батыш мамлекеттерине кирбей арзан баада Орусия, Казакстан жана Орто азия мамлекеттиерине чейин жетиши. (Эгерде биздин ири фермерлер 100-200 баш уй кармаса Белоруссияда 1000 чейин кармап өздүк наркы ошончолук арзан болот экен) – Орусияга сүт азыктарынын киргизүүнү токтоту, эгерде бул көрүнүш жакын арада чечилбесе сүт иштетүүчү мекемелер бир-бир жарым айга барып токтоп калышы мүмкүн. Азыркы учурда ишканалар негизинен зыянга иштеп жатканын, эптеп жумушчуларды кармап туруу максатында кубаттулугунан 2-3 эсе аз же күнүнө 30-40 гана тоннадан сүт кабыл алып, иштетип продукцияны кампаларга чогултуп жатканын айтышты. Жакынкы учурда чек-аранын жабык турушунан чийки сүттү кабыл алуу 15 сомго чейин түшүп кетиши ыктымал экенин баса белгилешти.