2023- жылдын 10-май күнү Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Баткен шаарынын мэриясынын өнөр жай курулуш жана айыл чарба секторунун адиси Айсалкын Соорбаева менен биргеликте Баткен шаарындагы Сайдиман ажы жана М. Нургазиев көчөлөрүндө муниципалдык жолдорго, тротуарларга чыгып мыйзамсыз соода сатык жүргүзүшкөн жарандарга карата мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда мыйзамсыз соода сатык жүргүзгөн жарандарга эскертүүлөр берилди. Ошондой эле мыйзам бузуулар кайталанса Кыргыз Республикасынын мыйзамдык–ченемдик актылар негизинде жоопкерчиликке тартылаары тууралуу түшүндүрүлдү. Ушундай эле иш-чаралар Баткен облусунун башка райондорунда дагы өткөрүлмөкчү.