Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Кыргызтелеком” ААК “телефон үчүн абоненттик төлөм” кызматынын колдонуудагы тарифтерин жогорулатууну демилгелеп жаткандыгын билдирет.
Колдонулуп жаткан тарифтер 2019-жылы бекитилген.
Азыркы учурда, “Кыргызтелеком” ААКнын эсептик материалдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген, мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык Кызматтын кароосунда турат.
Кароонун жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн кызматка тарифтердин өзгөрүлүшү коомдук талкууга коюлат.
Коомдук талкуулоонун айы, күнү жана орду жөнүндө маалымат Кызмат тарабынан расмий сайтка кошумча жайгаштырылат. Сизди кызыктырган суроо боюнча: 563337, 563219 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот.