Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү Ош Эл аралык медициналык университетине карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403- беренесине ылайык айып салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 5- беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде таркатылат жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча, кошумча түрдө Кыргыз Республикасында жашаган улуттардын тилдеринде таркатылышы мүмкүн. Ош Эл аралык медициналык университети тараткан жарнакта мамлекеттик тилде маалымат болгон эмес.