Бүгүн 2023-жылдын 24-майында монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө” №220 токтомун аткаруунун алкагында “Кыргызкөмүр” МИнин өкүлдөрү жана көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү менен 2023-2024-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүдө ЖЭБ үчүн көмүрдүн баасын белгилөө маселеси боюнча кеңешме болуп өттү. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жана көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү тарабынан көмүр казуу жана Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн көмүр ташуу маселелери айтылды. Өз кезегинде монополияга каршы жөнгө салуу кызматы электр энергиясына жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын жогорулашын эске алуу менен баа жагдайы боюнча өз көз карашын билдирди. Мындан тышкары, Кызматтын орун басары жана эксперттери тарабынан көмүр казып алуудагы абалды деталдуу жана ишенимдүү талдоо үчүн Нарын облусуна, түздөн-түз Нарын облусунун көмүр казылуучу жайларына барыша тургандыктары айтылды. Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн көмүрдүн баасын белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынат.