Баткен шаарындагы эт рыногундагы кырдаалды жөнгө салуу, анын ичинде мал союуга болгон бааны көтөрүлүп кеткендиги боюнча КР ЭКМ алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун тапшырмасы менен Кызматтын төрагасынын орун басары Ж.Б. Орозбаевдин жетекчилиги менен жана Кызматтын эксперттеринин катышуусунда жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын ченемдерин жана ченөө каражаттарына (метрологиялык көзөмөл) талаптарды бузууга жол бербөө максатында түзүлгөн жагдайды жөнгө салуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү тапшырылган. Жумушчу топ Баткендин эт базарындагы абалды изилдеп, жеринде иш-чараларды жүргүздү. Кырдаалды жөнгө салуу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте мал союучу жайлардын жетекчилери жана эт сатуучулар менен жолугушуулар уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө Кызматтын эксперттери монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын аткарылышы боюнча мындай жүрүм-турум Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамын бузуунун белгиси болуп саналаарын, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын бузулушуна алып келээри ошондой эле аймактын калкынын арасында нааразычылык жаратаарын эскертишти. Жыйынтында Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бербөө максатында, бардык субъекттердин, анын ичинде керектөөчүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен, мал союуучу жайлардын кызматы 1300 сомдон 1000 сомго чейин ылдыйлатылды. Бул этти сатууга жана бааны кармап турууга оң таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында, Баткен шаарында мал союуучу жайлардын жана бардык эт сатуучу дүкөндөрдүн иши жанданып, уй эти 1 кг 450-500 сомдон сатылып жатат.