Россия Федерациясынын дүң звеносундагы КММга болгон баанын өзгөргөндүгүнө байланыштуу монополияга каршы таасир этүүнүн алкагында, үстүбүздөгү жылдын 30-майында монополияга каршы органдын аянтчасында Кызматтын жетекчиси К.Д.Тайлаковдун төрагалыгы астында республиканын нефтетрейдерлери менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жумушчу кеңешмеге “РН-кыргызнефтепродукт” ЖАК, “Газпромнефть-Азия” ЖЧК, “Альфа Ойл” ЖЧК, “Партнер Нефть” ЖЧК жана “ШНОС” ЖЧК жана “Нефтетрейдерлер ассоциациясы” ЮЖБ өкүлдөрү катышышып, анда КММ рыногундагы кырдаал талкууланды. Отурумдун жыйынтыгында Кызмат тарабынан иш-чаралар комплекси иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине сунуштар жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Кызматтын ыйгарым укуктарынын чегинде күйүүчү май менен камсыз кылуучулардын жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу максатында, нефтетрейдерлерге төмөнкү сунуштамалар берилди: – “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так сактоого; – Кыргызстандын ички рыногунун конъюнктурасынын өзгөрүшүнө ыкчам жооп берүү; – КММ жана СУГ бааларынын кескин жогорулашына жол бербөө; – Кызматтын суроо-талаптарына ыкчам жооп берүү жана жума сайын КММ рыногундагы абал жөнүндө иш тартибинде маалымат берүү; – рынокту толтуруу жана мунайзаттардын тартыштыгын түзүүгө жол бербөө үчүн КММнын зарыл корун камсыз кылуу; – май куюучу жайларда өлчөмдөн кем куюуну болтурбоо жана контролдоо боюнча иштерди жүргүзсүн