Азык-түлүк буудайынын данын сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө
31.05.2023Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамын бузуу үчүн жоопкерчиликке “Кашка-Суу Сити” ЖЧК тартылган
01.06.20232023-жылдын 31-май күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери Ош шаарынын №2 Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкаруу кызматынын экономисти Айдарова Л.Ж жана №4 Манас-Ата муниципалдык аймактык башкаруу кызматынын жетектөөчү адиси Азимбаев А.Б менен биргеликте Ош шаарынын борбордук базарынын айланасындагы эт сатуучу дүкөндөргө мониторинг жүргуздү. Ишкерлерге этке болгон бааны жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара учурунда аныкталгандай, эт баалары боюнча маалымат кардарга көрүнүп турчу жерге илинген эмес. Жыйынтыгында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери тарабынан эттин баалары тууралуу маалымат илинбеген дүкөндөргө, маалымат баракчалары таркатылып, көрүнүктүү жерге илип коюуу боюнча сатуучуларга оозеки эскертүү берилди.