КР “Жарнак жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы үчүн айып пул салынгандыгы жөнүндө
01.06.2023БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕК!
01.06.20232023-жылдын 31-май күнү Чүй облустук бөлүмү тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасынын орун басары А. Мамыралиевтин жетекчилигинде, Чүй облусунун аймагында сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери менен чийки сүт рыногундагы сатып алуу баасын турукташтуруу боюнча жолугушуу өттү. Жолугушууга “Кант Сүт” ЖЧКунун жетекчиси Д.А. Джон, “Жайыл Милк” ЖЧКунун жетекчиси Н.Д.Асанбеков, “Умут и К” ЖЧКунун жана “Ак-Сүт” ААКнын өкүлдөрү катышып, элден сүттү сатып алуу баасы талкууланды. Азыркы күндө жогорудагы ишканалар, чийки сүттү сүт өндүрүүчүлөрдөн жана сүт чогултуучулар аркылуу (заготовитель) 3,4 % базистик майлуулуктагы сүттү 1 (бир) литрин 27,0 сомдон 30,0 сомго чейин сатып алууда. Баанын арзандашы февраль-сентябрь айларына туш келээрин жана бул көрүнүш сезондук фактор экендигин билдиришүүдө. Себеби бул мезгилде чийки сүттүн өндүрүү көлөмү көбөйөт жана жерге көк чөп чыккандыктан сүттүн майлуулгу төмөндөйт. Ишканалар сүттү сатып алууда майлуулугуна жараша бааны сунушташат. Азыркы күндө жогорудагы 4 (төрт) ишкана менен келишимдин негизинде 140 ортомчулар (сүт жыйноочулар) иш алып барышат. Бааны турукту кармап туруу үчүн мамлекет тарабынан ар бир өндүргөн продукциянын көлөмүнө жараша, субсидия карап берүү сунушун билдиришти. Өндүргөн продукцияны Россия, Казахстан мамлекеттерине экспорттоодо, ошол мамлекеттин тийиштүү мамлекеттик органдарынын текшерүүлөрү жана азыркы сүт продукцияларына убактылуу киргизилген чектөөлөр, өндүргөн продукцияны сатууда тоскоол болуп жатканын маалымдашты. Ишкерлердин айтымында, кээ бир учурларда өндүргөн продукцияларды өздүк нарктан ылдыйкы баада сатууга мажбур болуп жатканын, мындай учурда ишканалар пайда көрбөй чыгымга учурап жатканын айтышты. Кызматынын төрагасынын орун басары тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилерине, чийки сүттү сатып алуу баасын учурдагы денгээлде сентябрь айына чейин туруктуу баада кармап туруу сунушталды. Ишканалардын жетекчилери сунушту туура кабыл алуу менен сатып алуу бааны төмөндөтпөй туруктуу кармап туруу боюнча иш алып барышарын жана сентябрь айынан баштап чийки сүттүн майлуулугу көтөрүлүп, сүттүн көлөмү азайгандыктан сатып алуу баасы көтөрүлөрүн билдиришти. Чүй облустук бөлүмү тарабынан ишканалар менен тыгыз байланышта кызматташууну күчөтөрүн жана сүттү сатып алуу баасына жана өндүргөн продукцияларынын бааларына талдоолорду жүргүзүп турууну белгиледи.