Уч-Коргон токой чарбасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
15.06.2023КР «Жарнак жөнүндө» мыйзамын бузгандыгы үчүн «Амур.kg» жана «Таев костюмдары» дүкөндөрүнө, ошондой эле «Имарат строй» курулуш ишканасына айып салынды.
16.06.20232023-жылдын 15-июнь күнү Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жыйындар залында, Бишкек шаарындагы басмаканалардын өкүлдөрү үчүн “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун ачылышында Кызматтын орун басары А. Мамыралиев сөз сүйлөп, мамлекеттик символдорду басып чыгарууда, басмаканалар герб жана тууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоо керектигин айтты. Метрологиялык көзөмөлдөө Башкармалыгынын башчысы А. Ахмеджанова, бүгүнкү тегерек столдун максаты – басмаканалар Кыргыз Республикасынын символдорун (туу, герб) жасоодо (өндүрүүдө) техникалык өзчөлүгүнүн талаптары шайкеш келүүсү зарылдыгын белгиледи. Тегерек столдун жүрүшүндө, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги №205 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде даярдалган видеоролик көрсөтүлдү жана алардын жасалышындагы кемчиликтерге кененирээк түшүндүрмөлөр берилди. Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы, мындан ары басмаканаларда Мамлекеттик символдорду жасоодо (өндүрүүдө) алардын техникалык шарттардын талаптарына шайкеш келүүсүн көзөмөлдөө боюнча сунуштар берилди