Күз-кыш мезгилине даярдоо жөнундө маалымат берилди
16.06.2023Каракол шаарынын мэриясында Ысык-Көл облусунун курорттук- рекреациялык зонасынын аймагында, анын ичинде Каракол шаарында полимер пленкасынан жасалган баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу боюнча талкуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
19.06.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович Дүйнөлүк банктын эксперттери – Марианна Лотти, Дэвид Найт, Бакыт Дубашев менен жолугушту. Эксперттердин иш сапарынын максаты – өлкөнүн экономикалык меморандумун даярдоонун башталышы менен байланыштуу. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында монополияга каршы мыйзамдардын аткарылышы боюнча суроолор берилип, Кызматтын функциялары жана ыйгарым укуктары талкууланды. Тайлаков К.Д. Кызматтын негизги иш багыттары болуп төмөнкүлөр экенин белгиледи: – “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү; – “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында табигый монополияларды мамлекеттик жөнгө салуу; – “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо; – “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларынын аткарылышын көзөмөлдөө; – мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын макулдашуу; – метрологиялык көзөмөл; Кызмат ошондой эле социалдык жактан маанилүү товарларга (СЖМТ) баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөөгө чоң көңүл буруп, СЖМТ баалары үгүлтүксүз негизде көзөмөлдөнүү менен бирге кырдаалга баа берилип турат. Ошондой эле, Кызмат СЖМТ рыногунда бааларды турукташтыруу максатында түшүндүрүү иш-чараларын гана колдонбостон, рыноктун катышуучулары менен Макулдашууларды да түзөрү айтылды. Бул практика 2 жылдан бери уланууда. 2023-жылы Кызмат рыноктун бардык катышуучулары (импортточулар, өндүрүүчүлөр, соода түйүндөрү жана жеке соода объектилери) менен төмөнкүдөй СЖМТ бааларын негизсиз жогорулашына жол бербөөгө багытталган Макулдашууларды түзүү боюнча ишин улантууда: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин жана ун өндүрүүчү ишканаларынын ортосунда рынокту сапаттуу буудай уну жана мал чарбачылыгы үчүн тоюттар менен арзан баада толтурууга өбөлгө түзгөн кызматташтык жөнүндө Макулдашуу түзүлүп, анын алкагында ун ишканалары республиканы ун менен камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин өзүнө алышты. Келишим 2023-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу. 2023-жылдын 1-февралында Кызмат, үстөмдүк абалды ээлеген субъектилер – «Кайыңды-Кант» ААК, «Кошой» ААК жана соода түйүндөрүнүн ортосунда кызматташуу Келишимине кол коюлган. Бул Келишимге ылайык, эсептик биллинг системасы бар соода тармактар лоялдуулук картасы аркылуу бир колго күнүнө 1 кг чеги менен 78 сом/кг чекене баада, 1 кг жогору 85 сом/кг баада сатышат. Биллинг системасы жок соода тармактарында кум шекер 85 сом/кг ашпаган баада сатылат. Мындан тышкары, Кызматтын ишмердүүлүгү ачык жана айкын болуп, бардык маалыматтар расмий сайтында жана жыл сайын «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруунун алкагында, Кызмат Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө Жылдык отчетту даярдалып турары белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында Кызмат өз компетенциясынын алкагында кызматташууну улантаарын белгиледи.