Нарында эт боюнча мониторинг жүргүзүлдү
20.06.2023Эт баасына мониторинг
21.06.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына (мындан ары – Кызмат) “L.” аттуу үйлөнүү салонуна чара көрүп берүү өтүнүчү менен «А.К.С.» (мындан ары – керектөөчү) аттуу жарандын кайрылуусу келип түшкөн.
Арызга ылайык, керектөөчү көйнөктү арендага алуу үчүн “L.” аттуу үйлөнүү салонуна 78 900 сом төлөгөн . Төлөмдү төлөгөндөн кийин керектөөчү “L.” аттуу үйлөнүү салону менен келишимди бузууну каалаган жана акчаны кайтарып берүү өтүнүчү менен үйлөнүү салонун жетекчилигине кайрылган. Керектөөчүнүн талаптары канааттандырылбагандыктан, керектөөчү өзүнүн керектөө укугун коргоо үчүн Кызматка кайрылган.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 41 негизинде – керектөөчү аткаруучуга көрсөтүлгөн келишимди бузуу жөнүндө кабарды алганга чейин аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) бөлүгүнө пропорционалдуу болгондой өлчөмдө баасынын бир бөлүгүн төлөп берип, ар кандай учурда иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди буза алат. Керектөөчү ошондой эле көрсөтүлгөн келишим бузулгандыгы жөнүндө кабар алганга чейин аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн төлөнгөн баанын бөлүктөрүнүн ортосундагы айырманын чегинде иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузуу менен жана аткарылуучу бардык иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасы менен келтирилген чыгашаны аткаруучуга төлөп берүүгө милдеттүү.
Кызмат тарабынан кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча “L.” аттуу үйлөнүү салону керектөөчүгө 78 900 сом кайтарып берген.