Түп районунда полимер пленкасынан жасалган баштыктар боюнча талкуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
22.06.2023“Кыргызтелеком” ААК “телефон үчүн абоненттик төлөм” кызматтарына тарифтеринин долбоору боюнча ачык талкулоо өткөрүү жөнүндө маалымат
23.06.2023Урматтуу Мамлекеттик кызматкерлер, ардактуу кесиптештер!
Бүгүн 23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктаймын.
Мамлекеттик кызматкер – коомдо өзүнө жүктөлгөн милдетин так аткарган, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн аянбай кызмат кылган инсан экени талашсыз. Ар бир кызматкердин ак ниет дитин коюп, өз тармагында өнүгүүгө кошкон салымы –мамлекетибиздин эртеңки жаркын келечеги.
Учурдан пайдаланып Сиздерге бардык ийгиликтерди каалайм. Иштериңиздерди жетишкендиктер коштоп, чын пейил менен чаалыкпай кызмат өтөй беришиңиздерге тилектешмин. Ден соолук, күч-кубатта болуңуздар. Мамлекетибиз мындан да бакубат өлкөгө айлансын!
Майрамыңыздар менен!